Бабановдун жактоочусу сотко аппеляциялык арыз менен кайрылды (видео)

6373

Өмүрбек Бабановдун жактоочусу анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылды. Адвокат Биринчи май райондук соту чыгарган чечим менен макул эмес. Алар экс-премьер-министрди камоодо УКМК тарабынан одоно мыйзам бузулганын айтышууда.

Анткени 31-майда Өмүрбек Бабанов Кумтөр иши боюнча УКМКга күбө катары суракка чакырылып, тергөөчү суроосуна жооп алган соң бошотуп, бирок көп өтпөй эле башка тергөөчүнүн чечими менен камакка алынган. Учурда бир топ коомдук ишмерлер, саясатчылар Кумтөр ишинде Өмүрбек Бабановдун айыпталып жатканына таң калышууда.