Шайлоо алдындагы мыйзам бузуулар (видео)

1672

Административдик ресурсту колдонуу, добуш сатып алуу, коркутуу, басым жасоо. Адистер буга каршы күрөшүү аракетин көргөнү менен, мындай ыкмаларды айрым саясатчылар активдүү колдонушууда.

Бул тууралуу шайлоо алдындагы процесстерге байкоо жүргүзгөн “Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары билдиришип, 53 мыйзам бузуу болгонун айтып чыгышты. Кээ бирлери участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына кайрылуу менен чечилсе, айрым фактылар БШКга жөнөтүлгөн.