Шайлоо болот, шайлоонун эртеси да болот (видео)

3302

Шайлоого карата укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Саясий өнөктүк күнү 11 миңден ашык милиционер коомдук коопсуздукту камсыз кылат. Мындан сырткары, элдик кошуундун мүчөлөрү добуш берүү тилкелерине тартылат.

Ал арада шайлоодон кийин нааразычылык акциялар өтүшү мүмкүн деген сөздөр тарай баштады. Эки күн мурда эле бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен 26 киши кармалып, бешөө камакка алынган.