Шайлоо босогосун 5% га түшүрүү демилгеси колдоо табабы? (видео)

7969

Парламенттик шайлоодо партиялар үчүн босогону 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү аракети күчөдү. 5 депутат буга байланыштуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, документ коомдук талкууга коюлду. Эскерте кетсек, 2017-жылы «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилип, анда 7 пайыздык босого 9 пайызга чейин жогорулатылган. Ал документ 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Бирок шайлоо жакындаганда гана саясатчылардын көбү бул мыйзамды эстей башташты. Демилгечилердин айтымында, 9 пайыздык чек көп партиялардын бийликке келүүсүнө бут тосот. Учурунда бул документ ушул максатта кабыл алынган эле. Парламенттеги коалициянын көпчүлүк мүчөлөрү 9 пайыздык босогону колдоп жатканын эске алганда, 5 пайызга түшүрүү демилгеси колдоо таппай калышы мүмкүн.