Шайлоо чыры. Дагы бир партия БШК менен соттошот (видео)

2739

Жарыштан күтүүсүз жерден четтетилген «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясы менен соттошот. Бул тууралуу саясий биримдиктин лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Партия мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, БШКнын чечими саясатташып кетти деп бааласа, тарапташтары митинг уюштуруп «Бүтүн Кыргызстан» биримдигин каттоону талап кылышты. Ал эми БШКнын мүчөлөрүнүн көбү чечим мыйзамдуу болгонун айтышууда.