Шайлоо: Кара-Суудагы мыйзам бузууну Жогорку Кеңеш талкуулашы керек (видео)

1251

Парламент Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо учурунда катталган мыйзам бузууларга баа бериши керек. Бул тууралуу маселени бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова жалпы отурумда билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн аймактарында эл шайлоого келгенден корко баштады. Анткени жарандарды айрым бир партиянын пайдасы үчүн добуш берүүгө мажбурлаган учурлар катталууда. Андыктан акыркы окуяны Жогорку Кеңештин комитетинде карап, саясий баа берүү керек, — деди эл өкүлдөрү. Депутаттардын айтымында, аймактарда болуп жаткан мындай көрүнүштөр жалпы шайлоо системасын өзгөртүүгө болгон аракеттерге көлөкө түшүрүүдө. Андан тышкары, шайлоо жакындаган сайын өкмөттүн айрым мүчөлөрү өз жумушун аткарбай, аймактарга барып, кайсы бир талапкердин пайдасына иштеп жатканы да айтылды.