Шайлоо округдары боюнча талаш жаралды (видео)

2652

Шайлоо округдарын бөлүштүрүүдө жогорку кызматтагы адамдар БШК мүчөлөрүнө басым жасаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирип чыкты. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын бир мүчөсү 5-6 жетекчинин үстүнөн арызданыптыр.

Эл өкүлү айрым аткаминерлер шайлоо округдарын өздөрүнө ыңгайлуу кылып түзүп, муну менен өздөрү сүрөгөн талапкерин өткөрүү аракетин көрүп жатканын айтууда. Талаш жараткан маселе боюнча БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да парламентте түшүндүрмө берди.