Шайлоо өткөрүү үчүн жооптуу жетекчилер парламентке чакырылды (видео)

738

Кыргызстандын саясатынын чордону эсептелген Жогорку Кеңеш бул аптада убактылуу тарап кетти. Депутаттар шайлоо бүткүчө өз аймактарында иштей турган болушту. Бейшембидеги соңку отурумунда эл өкүлдөрү эки жаатка бөлүнүп, бир тарабы — шайлоо алдындагы мыйзам бузууларды талкуулоону талап кылышса, башкалары — буга караманча каршы чыгышты. Парламент мыйзам боюнча көзөмөлдөөчү милдетти дагы аткарат. Бирок бийликчил фракциялардын мүчөлөрүнүн көбү үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар административдик кысым көрсөтүү фактыларын талкуулоого катышкысы келбей, жыйындан кетип калышты. Буга карабастан, калган депутаттар шайлоо өнөктүгүндөгү одоно көрүнүштөрдү талкуулап, эл өкүлдөрү көптөгөн фактыларды угузушту.