Шайлоо оюндары КРнын өнүгүшүнө кедергисин тийгизүүдө (видео)

886

Жергиликтүү бюджеттин борбордон көз карандылыгын жоюу керек. Бүгүн региондорду өнүктүрүү боюнча жарлыктын алкагында түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы жыйыны болуп өттү. Анда мамлекет башчы Кыргызстанда аймактык лобби күч алып жатканын белгиледи. Кайсы аймактан чиновниктер менен депутаттар көп болсо, каражат ошол жакка көп бөлүнүп, башка аймактардын өнүгүүсү артта калып келет, дейт мамлекет башчысы. Ошондой эле отурумда аймактардын өнүгүүсүн рынок чечет деген көз караштан арылып, өлкөнүн мыйзамдарын оңдоо зарылдыгы белгиленди. Эске салсак, быйыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү жылы» жарыяланган. Аны ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун курамына 39 адам кирген.