Шайлоо процессине аралашкан милиция жоопко тартылат (видео)

2459

Алдыдагы парламенттик шайлоодо өлкө боюнча 11 миңден ашуун милиционер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бишкек шаарындагы эски аянтта ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин саптык кароосу өткөрүлдү. Анда тартип сакчыларына алдыдагы шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоо тапшырмасы берилди.

Алсак, ар бир фактыны ыкчам карап, мыйзамдарды жана тартипти бузууга жол бербей, адам укуктарын жана эркиндигин коргоо. Ошондой эле шайлоо процессине кийгилишкен милиция кызматкерлерине катуу жаза колдонулаары эскертилди.