Шайлоо штабынын тымызын иштери (видео)

960

Ош шаарында форма 2 менен тымызын шайлоочулардын тизмеси түзүлүп жатканы кабарланууда. Өлкө боюнча 30-сентябрдан тарта форма 2, тагыраагы каттоодо эмес, жашаган жеринен добуш берүүнү каалагандардан арыз кабыл алуу расмий түрдө токтотулган. Бирок бүгүн белгилүү болгондой, айрым участкаларда бул иш уланып жатыптыр. Шайлоочуларды форма 2 менен кабыл алып, бир талапкерди колдогондордун тизмеси узарат, дейт бул ишке жооптуу кызматкерлер. Бүгүн НТС телеканалынын кабарчылары өз ара иликтөө жүргүзүп көрдү. Анда бир штаб тарабынан бекитилген тизмедеги жооптуу адамдарга телефон аркылуу байланышып, журналист эмес, жетекчиси катары сүйлөшкөндө тымызын иштерин ачыктап салышты.