Шайлоо системасын өзгөртүү аракеттери (видео)

629

Президенттикке же депутатыкка аттанган талапкер кош жарандуулугу жоктугу тууралуу атайын декларация тапшырууга милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, эгерде талапкер башка өлкөнүн жарандыгын алып жүргөнү тууралуу маалыматты жашырып койсо, анда ал жоопкерчиликке тартылат. Бирок ага карата кандай жаза көрүлөрү белгисиз экен. Учурда мунун үстүнөн атайын эксперттик топ иштеп жатыптыр.

Парламенттин тармактык комитетинде шайлоо системасына өзгөртүү киргизүү боюнча президент тарабынан түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунун конципциясы биринчи окууга киргизилди. Бирок депутаттар бул жаатта жалпысынан 4 мыйзам долбоору бар экенин айтышып, алардын баарын бириктирүү керектигин сунушташты.