Шайлоо таза өтүүсү үчүн мыйзамдарга кандай өзгөртүүлөр кирет? (видео)

1227

Шайлоодогу 7 пайыздык босогону 3 же 1 пайызга чейин түшүрүп, 5 миллион сомдук күрөөнү 1 миллионго ылдыйлатуу керек. Бишкекте шайлоо маселеси талкууланган жыйын өтүп, анда бир катар суроолор көтөрүлдү. Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешти тиешелүү мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдоп берүүгө чакырды.

Анда ал административдик ресурстарды колдонуу, добуштарды сатып алуу жана шайлоого криминалдык чөйрөнүн аралашуусунун жыйынтыгы кандай болорун жакында өткөн нааразылык акциялары көрсөткөнүн эске салды. Алдыдагы парламенттик шайлоо таза өтүүсү үчүн мыйзамдарга дагы кандай өзгөртүүлөр зарыл?