Шайлоо тилкелеринде форма-2 менен катталгандар рекорд коюуда (видео)

1509

Бишкек шаарында форма 2 арызы менен шайлоо тилкесин алмаштырууну каалагандардын саны 150 миңге жакындады. Бул мурдагы саясий өнөктүккө салыштырмалуу 30 миңге көп. Бүгүнкү күнү ордо калаадагы 233 участканын 15 пайызы толуп, жарандарды каттабай калган.

Ушундан улам форма-2 арызына байланыштуу көптөгөн нараазычылыктар айтылууда. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, добуш берүү тилкелеринеги мыйзам бузуулар боюнча кызматтык иликтөөлөр жүрүп жатат.