Шайлоо участоктору алмашып калган жарандар БШК жана Баш прокуратурага кайрылышууда

899

№2 формасындагы арыз жазбаса дагы шайлоо участоктору алмашып калган жарандар Боршайкомго жана Башкы прокуратурага кайрылышууда. Кечээ күнү мындай көрүнүш дээрлик баардык областтарда катталды. Өмүр бою добуш берип келген тилкелеринде бул жолу тизмеде жок болуп чыккандар шайлоого катыша албай калышты. Алардын ордуна кимдир бирөө эки формасын толтуруп жарандардын даректерин алмаштырып салышкан.

Эң кызыгы, шайлоочулар 30-сентябрдан кийин өздөрүн тизмеден тактаганда бар болушкан. Бирок добуш берүүгө эки үч күн калганда алмаштырылганы таң калтырууда. Эми бул үчүн кайсы орган жооп берээри түшүнүксүз.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 316 миңге жакын адам эки формасын толтуруп, каттоодо турган жеринде эмес, башка аймакта добуш бермей болушкан. Бул жалпы шайлоочулардын он пайызын түзөт.

Айрым адистердин пикиринде, №2 формасы аркылуу добуш бердирүү — ыплас ыкмалардын бири болушу мүмкүн.