Шайлоо жакындаган сайын, админресурсту пайдалануу күч алууда (видео)

797

Окуудан куулуп, жумуштан кол жууп калбаш үчүн айласыз «форма 2» документин толтургандар. Бүгүн «Жарандык платформа» коомдук фонду атайын маалымат жыйынын өткөрүп, алар буга чейин жүргүзүп келген байкоолорунун жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Алардын айтымында, аларга арыздар байма-бай түшүүдө. Бирок көпчүлүгү анонимдүү түрдө. Себеби алар тиешелүү органдарга кайрылган күндө да, суроо акыйкат чечилет дегенге ишенбей жатышат, дешүүдө жарандык активисттер. Ошондой эле, бул сапар «форма 2» документин толтургандардын саны парламенттик шайлоого караганда бул ирээт бир жарым эсеге көп экен.