Шайлоо жакындаган сайын добуштун баасы дагы жогоруладыбы? (видео)

1474

Талдоочулардын божомолунда, шайлоочулардын 10 пайызы өз добушун сатууга даяр. Бул өтө кооптуу жагдай. Жарандардын көбүнүн саясатчыларга ишеними жоголуп, айрымдары шайлоодон утурумдук болсо дагы тыйын жасап калууга аракет кылышууда.

Ошол эле убакта ар бир добуш өлкөнүн келечеги экенин жакшы түшүнгөндөр, акча үчүн эмес, жүрөгү менен тандоо жасаганы турушат. Белгилей кетсек, жаңы мыйзамга ылайык, добуш сатып алгандар гана эмес, саткандар дагы жоопкерчиликке тартылат.