Шайлоо жарышындагы алдыңкы талапкерлерди каралоо күч алды (видео)

726

Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындаган сайын жарыштагы алдыңкы талапкерлерди атайылап каралоо күч алды. Айрым кандидаттар өз укугу жана ар-намысын коргоо үчүн кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү дагы бул жаатта мыйзамды бузгандарга карата чара көрүлөөрүн эскертишет. Бирок дал ошол Боршайком менен көзөмөлдөөчү органдардын өз ишин аткарбай, талапкерлер менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кош стандарттуу мамиле кылып жатышы кара пиарга жол ачууда, дешет эксперттер.