Шайлоочулар форма 2 документи жок кантип добуш бере алышат? (видео)

1854

Борбордо каттоом жок, бирок шайлоого катышкым келет. Учурда ордо калаада жашаган бир топ жарандар дал ушундай суроо менен тиешелүү тилкелерге кайрылып жатышат. Буга чейин форма 2 документи жокко чыгарылгандыктан маселе бир топ катаалдашкан. Бул жолкусунда шайлоочулар паспортунда көрсөтүлгөн дарек менен гана добуш бере алышат.

Ал арада Боршайком шайлоо дарегин алмаштыруу укугу жокко чыгарылгандыгына байланыштуу жарандарды конкреттүү шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналган каттоо эсебин өз убагында тактоолору зарыл экенин эскертүүдө.