Шайлоочулардын 65 пайызы талапкер Өмүрбек Бабановду колдойт

1094

Бул россиялык «Прагма» мониторинг борбору жүргүзгөн социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болду. Кыргызстанда 18 жаштан жогору, шайлоо укугуна ээ жарандар арасында, респонденттердин үйүндө, кыргыз жана орус тилдеринде интервью алуу ыкмасы аркылуу сурамжылоо жүргүзүлгөн. Россиялык «Прагма» борборунун изилдөөсүндө, саясий лидерлердин рейтингинде Өмүрбек Бабановду шайлоочулардын 65 пайызы колдоп, алдыга чыккан. Башка кандидаттар, фавориттен бир топ эле артта калышкан. Экинчи орунда, КСДП партиясы көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков турат. Ага шайлоочулардын 12 пайызы добуш берээрин билдиришкен.