Шайлоочулардын тизмеси боюнча ишти жакшыртуу талап кылынат

857

Бул тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын билдирүүсүндө айтылат. Бул уюмдун эсептөөсүндө, шайлоо участокторунун 29 пайызында бештен жаран өзүн тизмеден таба албай коюшкан. Добуш берүү тилкелеринин 26 пайызында онго жакын адам шайлоочулардын тизмесинде жок болуп чыккан.

Ошондой эле, жарандар идентификациядан өтө албай, добуш бербей калган учурлар дагы катталган. Мындан тышкары, коалициянын байкоочулары тизмеде жок жарандарга акча берип, шайлоого катыштырган учурларды катташкан.

Бул уюмдун корутундусунда шайлооунун жыйынтыгына таасир бере турган одоно мыйзам бузуулар участоктордун бир пайызында болгон деп айтылат.