Шайлоодо баарына каршы добуш бергендер басымдуулук кылабы? (видео)

1460

Алдыдагы парламенттик шайлоодо баарына каршы добуш бергендер көп болушу мүмкүн. Азыртадан эле жарандык активисттердин ат салышып жаткан партияларга каршы маанайы күчөп, ар кандай чакырыктар жасалууда. Эл аралык уюм жүргүзгөн сурамжылоодо шайлоого катышкандардын 15 пайызы баарына каршы добуш берерин билдиришкен.

Эксперттер бул көрсөткүч өтө чоң экенин айтышууда. Алсак, өткөнкү парламенттик шайлоодо баарына каршы добуш бергендер бир пайызга дагы жеткен эмес. Мыйзам боюнча алдыга чыккан партиянын добушуна караганда «баарына каршы» көбүрөөк болуп кетсе, кайрадан шайлоо өткөрүүгө туура келет. Бирок мындай жыйынтык өлкө үчүн пайдасыз, дешет эксперттер.