Шайлоодо бир мандаттын баасы канчага чыгат? (видео)

1632

Парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн 602 миллион сом сарпталат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, айрым иш-чараларга дагы кошумча акча талап кылынышы мүмкүн. Ал эми партиялар жана өз алдынча чыккан талапкерлер бул жолку шайлоодо канча каражат жумшайт?

Мыйзамга ылайык, партиялардын шайлоо фонду 300 миллион сомдон ашпашы керек. Бир мандаттуу округдан бара турган талапкерлерге болсо — 10 миллион сомго чейин уруксат берилет. Бирок өз алдынча барган кандидаттар кеминде бир миллион доллар коротот деп айтылууда.