Шайлоодо добуш берүүнүн купуялыгы сакталабы? (видео)

852

Студенттердин паспортторун чогултуп алуу адаты Мамлекеттик башкаруу академиясына жеттиби? Бул суроого жооп издеп, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында болушту. Алар шайлоодо добуш берүүнүн купуялыгы кантип сакталаарын студенттерге көрсөтүп беришти. Өз кезегинде жаштар шайлоо комиссиянын өкүлдөрүнө паспортторду чогултуп алуу жана добуш берүүчүлөрдү каттоо маселесине байланыштуу суроолорду беришти. Айтылган фактылар боюнча Боршайкомдун өкүлдөрү иликтөө иштерин жүргүзөбүз, деп убадалашууда.