Шайлоодо «карусель» ыкмасы менен добуш берүүгө жол берилбейт

743

Шайлоодо «карусель» ыкмасы менен добуш берем дегендер, көпчүлүккө белгилүү болуп, интернеттин «каармандары» болуп калышы толук ыктымал. Бүгүн жарандык активисттер журналисттерди атайын камера менен жабдылган программа менен тааныштырышты. Ал аппарат шайлоо тилкесине келген адамдардын тышкы түспөлүн таанып аныктоого багытталган.

Муну менен бир эле адам, ар башка шайлоо тилкелерине канча жолу келгенин билүүгө болот. Бул ыкманы жарандык активисттер иш жүзүндө да көрсөтүштү. Мындай камералар шайлоо участокторунун кире беришине орнотулары айтылууда.