Шайлоодо ырчы-чоорчуларга тыюу салынабы? (видео)

582

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартылып, каражат тапкан шоу-бизнес өкүлдөрү бир киреше булагынан ажырашы мүмкүн. Депутат Бакыт Төрөбаев демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык үгүт өнөктүгүндө стадиондордо, көчөлөрдө концерттерди жана театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле, спорттук иш-чараларды үгүт катары өткөрүүгө тыюу салынат.

Демилгечинин сунушуна ылайык, парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери митингдер, чогулуштар, теледебаттар аркылуу гана жүргүзүлүшү керек. Эл өкүлүнүн бул сунушуна бир топ маданият кызматкерлери каршы болушууда. Алар өнөр ээлерине мындай чек коюу туура эмес дешүүдө.