Шайлоодогу 9%дык барьерди төмөндөтүү сунушталууда (видео)

584

Парламенттин экс-спикерлеринен турган кеңеш шайлоодогу 9 пайыздык барьерди 5 чейин түшүрүүнү сунуштады. Мурдагы төргалар азыркы босого көптөгөн партияларды саясаттан четтетип, бийликке келүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат дешет.

15 экс-спикерден турган кеңеш 2010-жылы түзүлгөн. Бирок ушул жылдын март айында гана алгачкы жыйынга чогулган. Мурдагы төрагалардын кезектеги отурумунда каралган маселелердин бири парламенттик шайлоого даярдык тууралуу болду.