Шайлоодогу административдик ресурс маселеси талкууда (видео)

726

Келечектеги президенттин легитимдүүлүгү, шайлоонун кандай өткөнүнө жараша болот. Бул тууралуу «Таза шайлоо үчүн» коомдук кыймылынын өкүлдөрү айтып чыгышты. Жарандык активисттердин айтымында, админстративдик ресурсту колдонуу тууралуу фактылар шайлоонун калыс, ачык өттү дегенине көлөкө түшүрүп коюшу мүмкүн. Аталган коомдук кыймылдын өкүлдөрү мисал катары, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге байланыштуу жаңжалды баса белгилешти. Бул фактыга тартип сактоо органдары тарабынан тиешелүү реакциянын болбой жатканы да бир топ күмөндүү ойлорду жаратат, дешет алар.