Шайлоодон башы чыкпаган өлкө (видео)

4583

Кыргызстанда үч чоң калаанын кеңештери менен парламентке шайлоо бир күндө өтөбү? Талапка ылайык, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына кайра шайлоо июль айынын башында өтүшү керек. Бирок Токмок шаары боюнча Жогорку соттун чечими чыкпай жаткандыктан маселе ачык бойдон калууда.

Ал арада парламенттин жетинчи чакырылышына эл өкүлдөрү кандай система менен шайланып келет деген суроо бир топтордун бүйүрүн кызытып турган чагы. Себеби жаңы Конституцияда Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турары гана көрсөтүлүп, алар кандай жол менен шайланары аныкталган эмес. Андыктан учурда бир топ сунуштар электен өткөрүлүүдө.