Шайлоого аралашкан мам.кызматкерлер статья менен иштен алынат (видео)

3493

Кайсы бир партиянын же талапкердин пайдасына тартылып иштеген мамлекеттик кызматкерлер “Ишенимди жоготуу” беренеси менен жумуштан айдалып, кийин кайра аткаруу бийлигине кайтуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмеси болуп өттү.
Анда келе жаткан саясий өнөктүккө карата катуу эскертүүлөр берилди. Мамлекет жетекчиси шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына жол бербөө максатында Ички иштер министрлигине, УКМКга жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.