Шайлоого аттанган өкмөт мүчөлөрү (видео)

3408

Депутаттык орун үчүн ат салышып, ошол эле учурда кызматын тапшыргысы келбеген аткаминерлердин тизмеси узарууда. Арасында өкмөт мүчөлөрүнөн тарта орто кызматтагыларга чейин бар. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн депутаттык мандат алууга ашыгуусу коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Анткени басымдуу бөлүгү жумуштан биротоло кеткендин ордуна кызматын убактылуу тапшырышкан. Демек шайлоодон өтпөй калса, алар кайра ишин уланта беришет. Буга мыйзам жол берет. Бирок азыркы пандемия шартында социалдык тармакты тескеген аткаминерлердин кызматын убактылуу тапшырып, шайлоого аттанганын сындагандар көп.