Шайлоого аттанган саясий бирикмелердин катарында кимдер бар? (видео)

2242

Парламенттик шайлоого талапкер көрсөтүүгө эки күн калганда партиялар биринин артынан экинчиси съезддерин өткөрүп, тизмедеги алдыңкы 20-30 кишинин фамилиялары жарыялана баштады. Айрым саясий бирикмелердин катарында былтыркы шайлоодо мурдагы бийликтин командасы менен чыккандар көп. Азырынча онго жакын партия активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Анын үстүнө шайлоого чукул көп партиялар биригишкен.

Ал эми шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штаб добуш берүүнү таза өткөрүү боюнча жыйындарды уюштурууну улантууда. Бишкекте өткөн жыйында БШК мүчөлөрү үгүт маалында мектептерде, бала бакчаларда, мечиттерде, чиркөөлөрдө, ооруканаларда жана ага жакын жерлерде үгүт материалдарын таркатканга болбойт деп эскертишти. Үй башчылары жарандардын колун чогултса, бул административдик ресурс катары эсептелип кылмыш жоопкерчилигине тартылат экен.