Шайлоого аттанган талапкерлердин 10 % соттолгондор түзөт (видео)

1679

Жогорку Кеңешке аттанган эки жүздөн ашуун талапкер — мурда соттолгондор. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, айрым партияларда кандидаттардын отуздан ашыгын сот жообуна тартылгандар түзөт. Бирок БШК алар кимдер жана кайсы берене боюнча күнөөлүү деп табылганын ачыктаган эмес.

Ошондой эле, кээ бир саясий бирикмелердин катарында иши сотто каралып жаткан кандидаттар бар экени белгилүү. Алар кол тийбестикке жетиш үчүн депутат болууга аракет кылып жатат деген пикирлер да бар.