Шайлоого аз күн калганда добуш сатып алуу көбөйөбү? (видео)

3162

Талапкерге каршы арыз жазган БШК мүчөсү жана аны коркутуп-үркүткөн кандидат. Алар кимдер экени ачыкка чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров ага телефон чалып, басым көрсөткөн адам Нарын округу боюнча шайлоого аттанган кандидат Улан Бакасов экенин билдирди. Эки тараптын пикир келишпестигине талапкер шайлоочулардын добушун сатып алып жатат деген маалымат себеп болгон.

Ушундан улам Тынчтык Шайназаров УКМКга арыз жазып, Улан Бакасовго чара көрүүнү суранган. Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү менен байланышканыбызда, Улан Бакасов атайын кызматка сурак берип чыкканын кабарлады. Ал арада шайлоого аз күн калганда добуш сатып алуу көбөйөт деген маалыматтар пайда болууда.