Шайлоого катыша албагандар алдын-ала добуш бере алышат (видео)

4876

Ден-соолугуна байланыштуу шайлоого катыша албай тургандар же кары-картаңдар алдын-ала добуш бере алышат. Алар үчүн 3-октябрда көчмө бригадалар уюштурулат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Мындай категорияга кирген адамдар шайлоого 3 күн калганда алдын-ала арыз тапшырышы керек.

Ошондой эле, саясий өнөктүк учурунда коронавирустун жайылып кетишин алдын-алуу үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыккан. Эгерде добуш берүүгө келгендердин арасында дене табы көтөрүлгөндөр болсо, алар үчүн экиден-үчтөн бет кап берилет экен.