Шайлоого кийлигишем деген аткаминерлер иштен айдалды (видео)

2278

Баткен областынын Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов парламенттик шайлоо бүткөнгө чейин кызматынан четтетилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров пленардык жыйында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ошондой эле, Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысовго катуу сөгүш берилгени да маалым болду.

Отурумда өкмөт жетекчиси кайсы бир аткаминер шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө кийлигишип, кайсы бир талапкерге жан тарта турган болсо, экинчи мамлекеттик жумушка алынбай турган статья менен иштен кетерин дагы бир жолу эскертти. Ал эми шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча жакшы иш алып барган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сый акы да каралып жатыптыр.