Шайлоого кимдер кантип даярданууда? (видео)

1668

Айрым саясий партиялар күзүндө боло турган парламенттик шайлоого кызуу даярдана башташты. «Элдик көзөмөл» деп аталган саясий бирикме маалымат жыйынын өткөрүп, программасы менен тааныштырды. Азырынча 300-400 мүчөсү бар партиянын негиздөөчүлөрү Жогорку Кеңештен бери дегенде 10 мандатка ээ болорунан шек санашпайт.

Ошондой эле, Кыргыз либерал-демократиялык партиясы да ушул жекшемби күнү презентациясын кылганы жатат. Анда 3 жаш саясатчыдан башка ким бар экени белгисиз. Ал эми көптөн бери сөз болуп жаткан Биримдик партиясына Жогорку Кеңештин бир топ депутаты кирип жатканы тууралуу кептер токтой элек. 8 айдан кийин боло турган өнөктүккө кимдер кантип даярданууда?