“Шайлоону бизнеске айланткандар ооздукталат” (видео)

2435

Парламенттик шайлоого аттанган айрым талапкерлер мамлекеттик кызматкерлерди, ишкана жетекчилерин бир жерге чогултуп алып, баарына бирдей тапшырма берип, административдик ресурсту колдонууга аракет кылышууда. Бул тууралуу коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов Ош шаарында өткөн республикалык штабдын көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында, талапкерлер жана аткаминерлер былтыркы катаны кайталайм десе, катуу жаңылышат.

Көчөлөрдө шайлоону бизнеске айлантып алгандар ооздукталат, деди Иманкулов. Кыргызстанда башаламан шайлоонун жыйынтыгы — бийлик алмашууга алып келген окуяга бир жыл болду. Бир катар мамлекеттик ишмерлер, илимпоздор чогулуп октябрь окуясынын келип чыгуу себептери боюнча өз ойлорун ортого салышты.