Шайлоону жылдыруу сунушталды (видео)

3752

Коронавируска байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылабы деген суроо учурда коомчулукта кызуу талкууланууда. Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, жугуштуу оорунун алдын алуу максатында массалык чогулуштарга тыюу салынып жаткан шартта үгүт иштерин жүргүзүү оорлошот.

Ошондой эле добуш берүү күнү да адамдардын көп топтолушу менен коштолот. Андыктан жылдыра туруу максатка туура келет, дейт Журабаева. Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо белгиленген мөөнөткө өтөрүн билдирүүдө. Айтымында, жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн БШК бир катар чараларды иштеп чыкканы жатыптыр.