Шайлоонун өтүшүнө 700дөн ашык эл аралык байкоочу көз салууда

811

Бүгүн президенттик шайлоонун өтүшүнө 700дөн ашык эл аралык байкоочу көз салууда. Алар дүйнөнүн 58 мамлекетинин жана 30га чукул ар кандай эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү. Мындан тышкары, Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү да шайлоого байкоо жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле, добуш берүү процессине көз салууга добуш берүү тилкелеринде миңдеген жергиликтүү байкоочулар да тартылган. Мындан тышкары, бир катар коомдук бирикмелердин узак жана кыска мөөнөттүү байкоочулары да шайлоого көз салышууда.

Мисалы, «Жарандык платформа» коомдук фондунун 500дөн ашык, ал эми «Демократия жана жарандык коом учун коалициясынын» миңдей байкоочусу учурда иш алып барууда.