Шайлоонун жүрүшүн бурмалоо – кимдин ыплас аракеттери? (видео)

955

Жарандын кимге добуш бергенин аныктоо таптакыр мүмкүн эмес. Шайлоочулар каалаган кандидатын тандап, колдоодон коркпошу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы менен жарандык коомдун өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Антпесе, айрым бир тараптар элдин башын айлантып, өз кызыкчылыктары үчүн туура эмес маалымат таратып жатышат. Алар жарандын кимге добуш бергенин аныктап койсо болот деп коркутканга чейин барышууда. Бирок бул техникалык жактан таптакыр мүмкүн эмес. Эң башкысы, шайлоо купуялыгын жаран өзү дагы сактап, кимге добуш бергенин айтпашы керек.