Бишкекте 12 дарак кулап, эки машинаны басып калды (видео)

3251

Кечээ Бишкектеги катуу шамалдан 4 адам жабыркаган. Бак-дарак кулап түшкөнүнөн улам, баш мээсинен жаракат алгандар Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Белгилей кетсек, кечээ өлкөнүн бир катар аймактарында катуу шамал болуп, бир нече турак-жайлардын жана объектилердин чатыры талкаланган. Чүй областында эле шамал 3 мектептин чатырын учуруп кеткен. Бишкекте 12 дарак кулап, эки машинаны басып калган.