Шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүргөн НТСтин кабарчысына кол салуу болду

1022

Ош шаарында президенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүргөн НТС телеканалынын кабарчысы Мирбек Айтикеевге кол салуу болду.

Бүгүн Оштогу №5325 шайлоо тилкесинде добуш берүүнү чагылдырып жаткан журналистибизге чымыр денелүү спортсмен балдар келип, алгач чыгармачыл топко ар кандай бут тосууларды жасашып, андан соң сөз менен коркутуп-үркүтүүгө өтүшкөн.

Көп өтпөй, бул аракет физикалык кол салуу менен коштолгон. Бул боюнча НТСтин кабарчы тиешелүү мекемеге кайрылды.