Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылабы? (видео)

4097

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы нормалар менен өтүшү ыктымал. Эгерде парламент жыйынга чогулса, шайлоо босогосун 5 пайызга чейин, күрөөнү бир миллион сомго чейин төмөндөтүү жана добуш берүүгө №2 формасы менен катталууну жокко чыгаруу сунуштарын карайт.

Бирок депутаттарды отурумга келтирүү кыйынчылык жаратып жаткан чакта, шайлоого чейин мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү канчалык реалдуу деген суроо жаралат. Парламенттик шайлоо качан өтөт жана анда кандай өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн?