Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүнбү? (видео)

1700

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодогу добуштарды кол менен эсептөөнү улантууда. Бул процесс болжол менен 1-2 күндүк убакытты алышы мүмкүн экен. Себеби жалпысынан 2 494 участкалык шайлоо комиссиясы болсо, анын көптүгүнөн протоколдор келип түшө элек. Жалпы көрсөткүчтөр саат сайын жаңыланууда.

Ал эми кечээ кечинде автоматтык эсептөөчү урналардан алынган маалыматтар менен алдын ала беш пайыздык босогодон алты партия өткөн. Алар “Ата Журт Кыргызстан”, «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан” жана «Ыйман Нуру» саясий бирикмелери. Ал арада БШКнын автоматтык эсептөөчү системасындагы мүчүлүштүктөр бир тобуна күмөн пикирди жаратып койду.