Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлер (видео)

2899

Шайлоонун жүрүшүндөгү добуш сатып алуу, үгүт эрежелерин бузуу жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу. Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында болуп өткөн парламенттик кайра шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Анын негизинде Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, ал эми Свердлов шайлоо округу боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев алдыда.

Тиешелүү мекеме шайлоочулардын катышуусу солгун болгонун билдирди. Маселен, Биринчи май округунда шайлоочулардын 18 пайызга жакыны гана өз позициясын билдирсе, Свердлов округунда ал көрсөткүч 31 пайызды түзгөн. Ал арада, шайлоого катышкан айрым талапкерлер бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыгышты.