Шамалды-Сайдагы жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду

1151

Бишкек-Ош трассасынын Жалал-Абад областынын Шамалды-Сай шаарынан анча алыс эмес жерде, үрөй учурган жол кырсыгы катталып, анда күйүүчү май ташыган унаа менен «Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кагышып, жүргүнчү ташыган унаа экиге бөлүнүп кеткен.

Аймактык жол коопсуздугун камсыздоо инспекторлорунун алдын-ала билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгынын кесепетинен бир адам набыт болуп, 5 адам жабыркаган. Алар аймактык оорукагана жеткирилишкен.

Жол инспекторлору учурда жол кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтеп жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.