Шамбесай кенине байланыштуу кайрадан жаңжал чыкты (видео)

711

Учурда өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы алтын казыла турган аймактан алынган топурактын, суунун жана абанын үлгүлөрү изилденип жатат. Ал анализдин жыйынтыгы менен кендин мындан аркы тагдыры чечилет. Эгерде жергиликтүү эл кооптонуп жаткандай экологияга зыян болоору аныкталса, кенди иштетүүгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык копсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдирди.

Эске салсак, Шамбесайдагы алтын кендин жанында Мадый айылынын жашоочуларынын катышуусунда кайрадан чыр чатак болгон. Жергиликтүү тургундар топурактын, суунун жана абанын үлгүсүн алуу үчүн барган адистердин жолун тороп, тоскоолдук жаратышкан. Милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен гана кырдаал жөнгө салынган.