Шамил Атаханов Батукаевди бошотууну Атамбаев тапшырганын билдирди

597

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча Алмазбек Атамбаев жеке өзү тапшырма бергени тууралуу көрсөтмө берди. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Анын маалыматына караганда, экс-президент Атамбаев 2013-жылы Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси, «мыйзамдагы ууру» деген каймана атка ээ экенине, коомчулукка жана мамлекетке өзгөчө коркунуч жаратарына карабастан, аны камактан мыйзамсыз бошотууну чечкен. Бул багыттагы иш-чараларды уюштуруу жагы Шамиль Атахановго тапшырылган.

Кылмыштуу ишти аткарыш учун Атаханов укук коргоо, сот жана мамлекеттик органдардын жогорку мамлекеттик кызматкерлер менен алдын-ала сүйлөшүп алып Батукаевди бошотуу менен республиканын аймагынан чыгаруу жана бул багытта тийиштүү чараларды көрүү боюнча талаптарды коюп, бошотуу жеке Атамбаев менен макулдашкан», — деди башкы прокурор.

Эске салсак, парламенттин 2 тармактык комитети экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүмду карап, колдоп берди. Анда «комиссия койгон 6 айыптын бешөөндө шектенүүгө негиз бар» деп тыянак чыккан. Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча корутундусу эртең парламенттин жалпы сессиясында каралышы күтүлүүдө.

Подробнее об этом смотрите в новостях НТС.