Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык милдети Россияга өткөрүлүп берилди

930

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча атайын орган түзүү зарыл. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ШКУ саммитинин жүрүшүндө сүйлөп жатып билдирди. Президент «экономикалык кылмыштар, адатта, трансулуттук мүнөзгө ээ жана мунун баары маңзат соодасы, аткезчилик, арам акчаны адалдоо аракети менен тыгыз байланышта» экенин баса белгиледи. Ошондой эле, Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмунун Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташтыгын кеңейтүү зарылдыгын айтты.

Саммитте сүйлөгөн Россиянын президенти Владимир Путин ШКУ уюмунун алкагында Ирандын өзөктүк программасы боюнча саясий келишимдин аткарылышын талап кылууну улантарын айтты. Бул пландан АКШнын чыгып кетиши аймакта кырдаалды дестабилдештирүү менен катар өзөктүк куралды жайылтпоо режимин үзгүлтүккө учуратуу коркунучун да жаратууда, — деди Путин. Аталган программадан АКШ былтыр чыгып кеткен.

Ал эми Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев, ШКУнун «жашыл алкагын» түзүү боюнча программа кабыл алуу актуалдуу маселе экенин билдирди. Негизги максат өлкөлөрүбүздө ресурс үнөмдөөчү заманбап жана экологиялык таза технологияларды кеңири жайылтуу, — дейт Мирзиеёв.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун алкагында экономика азыркыга караганда ачыгыраак, толеранттуу жана интеграцияга ийкемдүү болушу керек деп билдирди. Уюмдун алкагында инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев болсо жалпы маалыматтык коопсуздук борборун түзүү зарыл деп эсептейт. Айтымында, киберкоопсуздукту камсыздоо терроризм сымал глобалдык коркунучтун алдын алууга негиз болот.

Саммиттин соңунда бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду. Ал эми Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык милдети Россияга өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.